Суббота, 6 июня

Камчаткада дагы катуу жер титирөө болду

0

Камчатканын жээгинде күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болгонун Орусиянын Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчаткадагы бөлүмү Telegram баракчасына билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Петропавловск-Камчатскийден 279 чакырым алыстыкта, 25,9 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмү Камчаткада бийиктиги 19 сантиметрге жеткен цунами болушу мүмкүн экенин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз