Суббота, 6 июня

«Поэзия шаарлары» сынагынын экинчи айлампасы жарыяланды

0

Билим берүү, илим жана маданият боюнча Ислам уюму (ICESCO) «Поэзия шаарлары» аттуу поэтикалык байге сынагынын экинчи айлампасын баштады.

Быйылкы сынак 2025-жылы Ислам дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган Самарканд шаарына арналууда.

Араб же өзбек тилинде жазылган ырлар кабыл алынат. Жеңүүчүлөрдү белгилүү акындар жана ICESCO уюмунун адистери баалап тандайт.

Биринчи орун — 3000 доллар, экинчи — 2000 доллар, үчүнчү орун — 1000 доллар менен сыйланат. Жеңүүчүлөргө атайын сыйлык күбөлүктөрү тапшырылат.

ICESCO мыкты деп табылган жана ардактуу эскерүүгө арзырлык ырларды өзүнүн атайын жыйнагына киргизет. Катышуучулар ырларын быйылкы 31-декабрга чейин жибериши керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз