Суббота, 6 июня

Өткөн жума жана ишембиде Ысык-Көл аймагына 110 миңден ашуун унаа кирди

0

Өткөн аптанын жума жана ишемби күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагына болжолдуу түрдө 110 миңден ашуун унаа кирген. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми жекшемби күнү кайра эле ошол унаалар Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу аркылуу шаарды көздөй кирип келишкен.

ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулунун айтымында, буга чейинки дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагына кирген унаалардын саны 128 миңден ашкан.

“Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла жогору. 2024-жылдын ушул мезгилинде облуска кирген унаалардын саны 80 миңден ашкан эмес. Ал эми быйыл туристтердин да, жеке унаалар менен келүүчүлөрдүн да саны бир топ көбөйдү. Жайкы туристтик сезон башталгандан бери Ысык-Көл тарапка барган унаалардын агымы 100 миңден түшө элек. Бул көрсөткүч облуста туризмдин өнүгүп жаткандыгын айгинелейт”, — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз