Израилдин Газа шаарын басып алуу чечими анын геноцид, системалуу түрдө киши өлтүрүү жана курчоого алуу саясатынын уландысы жана эл аралык укукту бузуу болуп саналат, деп айтылат Палестинанын президенттик администрациясынын билдирүүсүндө.
Билдирүүдө Газаны толук басып алуу жана бир миллионго жакын палестиналыкты мажбурлап көчүрүү боюнча Израилдин Коопсуздук кабинети бекиткен план айыпталып, «катуу четке кагылды».
Израил бийлигинин чечими “таза кылмыш, геноцид саясатынын уландысы, системалуу түрдө киши өлтүрүү, атайылап тамак-аштан ажыратуу жана курчоого алуу, эл аралык гуманитардык укукту жана эл аралык мыйзамдуулукту ачык бузуу” деп аталды.
Президенттин администрациясы ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трампты «бул чечимдердин аткарылышын токтотуу, Израилдин геноцидин токтотуу жана туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн кийлигишүү» тууралуу мурда берген убадасын аткарууга чакырды.
Буга чейин Израилдин Коопсуздук кабинети түндүк тилкеде жайгашкан Газа шаарын басып алууну караган жаңы планды бекиткен.
