Суббота, 18 апреля

Пашинян Вашингтондогу келишим тууралуу оюн айтты

0

Вашингтондо кол коюлган үч тараптуу келишим Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык орноду деп айтууга негиз берет. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян маалымат жыйынында билдиргенин «Казинформ» агенттиги жазды.

«Бүгүн болгон окуя — тарыхый окуя. Тынчтык орноду деп айта алабыз жана ал биздин өлкөлөрүбүздүн суверенитети менен аймактык бүтүндүгүнүн алкагында орноду», — деп белгиледи Пашинян.

Премьер-министр аймактык коммуникацияларды ачуу аймактык бүтүндүк, суверенитет, юрисдикция жана өз ара пайдалуулук принциптеринин негизинде мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Кеп Азербайжандын негизги аймагы менен Нахчыван Автономиялык республикасынын ортосундагы тоскоолдуксуз байланыш, ошондой эле эки тараптын тең бардык транспорттук каттамдарды, анын ичинде темир жолдорду бирдей шарттарда пайдалануу укугу жөнүндө болуп жатат.

Үч тараптуу жолугушуу АКШнын ортомчулугу менен уюштурулганы белгиленди.

Декларацияга кол коюу аземинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын премьер-министрине Дональд Трампка Нобелдин Тынчтык сыйлыгын ыйгаруу демилгеси менен Нобель комитетине биргелешкен кайрылуу жөнөтүүнү сунуштады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз