Азербайжандын президенти Илхам Алиев Украинага гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн республиканын Энергетика министрлигине каражат бөлүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Документке ылайык, Украинага гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Азербайжандын президентинин 2025-жылга карата резервдик фондунан Азербайжанда өндүрүлгөн электр жабдууларын сатып алуу жана жөнөтүү үчүн манат эквивалентинде 2 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү сумма бөлүндү.
Азербайжандын Финансы министрлигине бул сумманы каржылоону камсыз кылуу, ал эми министрлер кабинетине буйруктан келип чыккан бардык маселелерди чечүү тапшырылды.
