Суббота, 18 апреля

Axios: “Путин бир мунасага келбесе, анда Трамп орус экономикасын талкалайт”

0

АКШнын президенти Дональд Трамп 15-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен келишимге келе албаса, “орус экономикасын талкалоого” аракет кылып, НАТО өлкөлөрү аркылуу Украинага курал-жарак жеткирүүнү улантат.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн маалыматына таянган Axios кабарында Трамптын 15-августта Путин менен Орусия-Украина согушту талкуулоо үчүн Аляскадагы жолугушуусунун алдындагы Вашингтондо атайын жыйын болуп өттү.

Ак үйдөгү маалымат жыйынында Трамп 15-августта Путин менен жолугушууда ок атышпоо келишимине жетишилерине үмүттөнөрүн айтып: «Менин оюмча, Путин менен жолугушуум жакшы өтөт, бирок ал жаман болушу да мүмкүн», — деген. Путин менен жолугушуу “абдан конструктивдүү” болоруна ишенерин айткан Трамп орус лидеринен “согушту токтотууну” талап кылаарын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз