Орусиянын президенти Владимир Путин, америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен Аляскада өткөргөн сүйлөшүүдөн кийин лидерлердин ортосунда жетишилген түшүнүшүүнүн Украинада тынчтыкка жол ача турганына үмүт артты.
«Бүгүнкү келишимдер украин көйгөйүн чечүү үчүн гана таяныч пункту болуп калбастан, Орусия менен АКШнын ортосундагы кызматташуу, прагматикалык мамилелерди калыбына келтирүүнүн башталышы болуп калат деп үмүттөнөм», — деди Путин.
Орус мамлекетинин башчысы Трампка «биргелешкен жумуш, достук жана ишенимдүү сүйлөшүү үчүн» ыраазычылык билдирди.
«Эң негизгиси эки тарап тең жыйынтыкка көңүл бурган. Биз АКШ президенти эмнеге жетүүнү каалап жатканын так түшүнүп, өз өлкөсүнүн гүлдөп-өсүшүнө чын жүрөктөн кам көрүп жатканын жана ошол эле учурда Орусиянын өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар экенин түшүнүп жатканын көрүп жатабыз», — деди ал.
Путин АКШ президенти менен сүйлөшүүсүн “конструктивдүү жана пайдалуу” деп атады. «Биздин сүйлөшүүлөр сый-урмат менен конструктивдүү маанайда өттү. Алар абдан кылдат жана пайдалуу болду», — деди президент.
Орус президенти Москванын Украинанын коопсуздугу боюнча иштөөгө даяр экенин билдирди. «Мен президент Трамп менен макулмун, ал бүгүн бул тууралуу, Украинанын коопсуздугу да камсыз болушу керек деп айтты. Албетте, биз бул боюнча иштөөгө даярбыз», — деди орус лидери.
Ошол эле учурда Путин «Украинадагы жөнгө салуу туруктуу жана узак мөөнөттүү болушу үчүн кризистин бир нече жолу талкууланган бардык түпкү себептери жок кылынышы керек, Орусиянын бардык мыйзамдуу тынчсыздануулары эске алынышы керек, Европада жана бүтүндөй дүйнөдө коопсуздук чөйрөсүндө адилеттүү тең салмактуулук калыбына келтирилиши керек» деп баса белгиледи.
Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу 15-августта Алясканын Анкоридж шаарындагы Элмендорф-Ричардсон аскердик базасында өттү.
Сүйлөшүүлөр болжол менен 2 саат 45 мүнөткө созулду.
