Понедельник, 8 декабря

Израиль Ливандын түштүгүнө сокку урду

0

Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндөгү Набатье шаарына абадан сокку урду. Бул тууралуу Ливандын NNA маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Али ат-Тахир токою аткыланган. Израил армиясынан азырынча эч кандай комментарий боло элек.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, аба соккусунан Сириянын жараны жеңил жараат алды.

Израил менен Ливандын ортосунда 2024-жылдын 27-ноябрында түзүлгөн ок атышпоо келишимине карабастан, Израил тарап анын шарттарын такай бузуп келет.

Ливанга кургактан жасалган кол салуулар учурунда бир катар чек ара шаарларына кирген Израилдин армиясы келишимде аскерлерди толук чыгарып кетүүнү талап кылган жобого карабастан, беш пунктта позицияларын кармап турууну улантууда.

Ок атышпоо келишими күчүнө киргенден бери Израил армиясы аны 4,3 миңден ашык жолу бузган. Натыйжада кеминде 245 киши каза болуп, дагы 513ү жарадар болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз