Суббота, 18 апреля

Эрдоган: “Украинада тынчтыктын орношуна колдоо көрсөтүүгө даярбыз”

0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрү Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу жолдорун издөөгө жаңы дем бергенин билдирди.

Президент Эрдоган социалдык медиадагы билдирүүсүндө:

«АКШ президенти Трамп менен Орусиянын президенти Путиндин Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрү Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу жолдорун издөөгө жаңы дем берди. Биз Аляскадагы саммитти кубаттайбыз жана Украинанын президенти Зеленский да камтылган бул жаңы процесс туруктуу тынчтыктын пайдубалын түптөйт деп үмүттөнөбүз».

Президент Эрдоган Түркиянын Украинада тынчтыктын орношуна ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз