Суббота, 6 июня

Израилде эл нааразычылык акцияларына чыкты

0

Израилде жекшемби күнү демонстранттар көчөлөргө чыгып, Газадагы согушту токтотууну жана ХАМАС тарабынан туткунда кармалып турган адамдарды бошотууну талап кылышты. Бул учурда аскерлер жаңы чабуулга даярдык көрүп жатышат.

Протесттер Израилдин коопсуздук кабинети Газа шаарына чабуул жасоо планын бекиткенден бир жума өткөндөн кийин башталды. Бул согуш 22 айга созулуп, Палестина аймагында оор гуманитардык абалды жаратты.

Учурда Газа аймагында 49 туткун бар, алардын ичинен 27си каза болгонун Израилдин аскерлери билдирүүдө.

Тель-Авивдеги «Туткундар аянтында» калган туткундардын сүрөттөрү түшүрүлгөн чоң Израиль желеги жайылды. Бул аянт согуш учурундагы нааразылык акцияларынын негизги борбору болуп келген.

Демонстранттар шаардагы бир нече жолдорду, анын ичинде Тель-Авив менен Батыш Кудсту байланыштырып турган магистралды тосушту. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, жол кыймылын токтотушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз