Вторник, 26 мая

Путин менен Жапаров телефондо сүйлөштү

0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Орусиянын президенти Владимир Путиндин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров россиялык-америкалык саммит ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык чыңалууну басаңдатууга карай маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Ал ошондой эле кыргыз тарап Орусия Федерациясы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жетишилген деңгээли украиналык кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн кошумча шарттарды түзөрүнө ишенерин белгиледи.

«Кыргызстан Евразиянын борборунда жайгашкан жана аймактык интеграциялык бирикмелердин ишине жигердүү катышкан өлкө катары аймактагы туруктуулукту чыңдоого өзгөчө маани берет жана Орусия Федерациясы менен туруктуу өнүгүү максатында кызматташууга даярдыгын ырастайт», — деди президент Садыр Жапаров.

Соңунда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алмашууну мындан ары да улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз