Вторник, 26 мая

AI: Израиль Газанын элин атайлап ачка калтырууда

0

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Израил Газа тилкесиндеги палестиналыктарды атайылап тамак-аштан ачка калтыруу боюнча системалуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди.

Уюмдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин басып алган Газа тилкесинде ачарчылыкты атайылап саясат катары колдонуп, Палестина калкынын ден соолугун, жыргалчылыгын жана «социалдык түзүлүшүн» системалуу түрдө талкалап жатканы белгиленди.

Документке ылайык, жаңы далилдер Израилдин Газадагы палестиналыктардын жашоо шарттарын атайылап начарлатып, алардын физикалык аман калышына коркунуч жаратып жатканын көрсөтүүдө.

Уюм акыркы жумаларда анын өкүлдөрү үч убактылуу конушта жашаган 19 палестиналык, ошондой эле тамактанбаган балдарды дарылап жаткан эки медициналык кызматкер менен жолугушканын билдирди. Газа Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 17-августка карата 110 бала туура эмес тамактануунун кесепеттеринен каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз