Суббота, 18 апреля

Эртең кыргыз-казак жаштар форуму өтөт

0

21-августта Бишкектеги Технопаркта кыргыз-казак жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, форум Кыргызстандын жана Казакстандын жаштарынын ортосундагы маалыматтык технологиялардын өнүгүүсүнө жана санариптик өз ара аракеттенүүсүнө арналат.

Форумдун максаты – Кыргызстан менен Казакстандын жаштарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөө, IT, стартаптар, санариптик ишкердик жана инновациялар тармагында тажрыйба алмашуу.

Форумдун программасында:

  • IT индустриясынын жана EdTech долбоорлорунун лидерлери менен панелдик сессиялар —Инновациялык AI-стартаптардын питчинги;
  • инвесторлор, эксперттер жана болочок өнөктөштөр менен баарлашуу;
  • технопарктагы IT-Hub заманбап мейкиндикте кофе-брейк жана нетворкинг;
    Форумдун темалары:
  • жаңы муундагы AI-стартаптар: идеядан глобалдык рынокко чейин;
  • EdTech-долбоорлору жана билим берүүдөгү жаңы чакырыктар;
  • Кыргызстан менен Казакстандын мыкты командалары катышкан «AI NEXT» стартаптардын питчинги.

Бул форум өнөктөштөрдү, инвесторлорду жана идеялаштарды табууга, ошондой эле ийгилик тарыхтарынан шыктанууга мыкты мүмкүнчүлүк болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз