Суббота, 18 апреля

Израиль Газаны басып алуу планын бекитти

0

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Газа шаарына чабуул коюу планын бекиткенин мамлекеттик медиалар — Kan, Ynet жана The Times of Israel кабарлады.

Операция «Гедиондун арабалары II» деп аталып, резервдеги жоокерлердин мобилизация болушу күтүлүүдө.

The Times of Israel басылмасы коопсуздук кызматтарындагы булактарына таянып, резервдеги 60 миңдей киши армияга чакырыларын жазды.

Исраэл Кац мындан тышкары «гуманитардык даярдык» планын бекитти, ага ылайык миллиондой палестиналык жай тургун Газа шаарынан сектордун түштүгүнө көчүшү керек. Ал операция аяктагандан кийин «Газанын көрүнүшү өзгөрүп, мурдагыдай болбойт» деп билдирди.

Израилдин министрлер кабинети 8-августта премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо планын бекиткен. Өкмөт башчы ага чейин палестин анклавында жөөт армиясынын көзөмөлү орнотулат деген ниетин билдирген.

Ушул тапта Газа тилкесинин 75-80% Израилдин көзөмөлүндө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз