Венесуэланын президенти Николас Мадуро АКШны өлкөдөгү “режимди алмаштыруу” үчүн “террордук жана аскерий ыкмаларды” колдонуп жатат деп айыптады.
Каракастагы Улуттук ассамблеядагы иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Мадуро АКШнын өз өлкөсүнө каршы пландарын «адепсиз, кылмыш жана мыйзамсыз» деп атады.
«Алардын Венесуэланы коркутуп жатканы — режимди алмаштыруу аракети — бул террордук жана аскердик ыкма. Бул адеп-ахлаксыз, кылмыш жана мыйзамсыз. Эл аралык мыйзамдар эгемен мамлекеттерге күч колдонууга ачык түрдө тыюу салат», — деди Мадуро.
Ошол эле учурда Венесуэланын президенти Каракасты колдоорун билдирген өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.
«Биз АКШнын Түштүк Америкадагы куралдуу кагылышууну тутантуу аракетин четке каккандардын бардыгына ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.
Мадуро АКШ буга чейин көптөгөн өлкөлөрдө аскердик интервенцияларды жүргүзүү үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаганын айтты. Эгер алар Венесуэлада дагы ошол эле ыкмаларга барышса, жыйынтыгы ушундай болот, — деди Мадуро.
Венесуэланын президенти ошондой эле өлкө тургундарын биримдикке чакырды. «Венесуэла өз күчүн, тынчтыкты, туруктуулукту, өсүп-өнүгүүнү жана гармонияны кайтарып алат»,-деп, эгемендүүлүктү сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин наркокартелдер менен аскердик күрөш жүргүзүүнү чечип, варианттарды даярдоону буйруган.
Эки жогорку даражалуу аскер кызматкери CNN телеканалына 4000 деңиз жөө аскерин Латын Америка өлкөлөрүнө жөнөтүү чечими Трамптын буйругу менен кабыл алынганын айтышты. 15-августта АКШ президенти ошондой эле Венесуэланын жээгине үч согуштук кемени жайгаштырууга буйрук берген.
