Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясында күчү 6 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, 800дөн ашуун адам каза болуп, 2500дөн ашууну жарадар болду.
«Тилекке каршы, бүгүнкү жер титирөө чыгыш провинцияларында курмандыктарга жана материалдык чыгымдарга алып келди», — деп жазды Ооган убактылуу өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид америкалык X компаниясынын социалдык тармагындагы баракчасына.
Ал кошумчалагандай, куткаруу иштерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышып, жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен аймактарга борбордук жана коңшу облустардан бригадалар жөнөтүлүп жатат.
Ооганстандын Маалымат министрлигинин басма сөз катчысы Анадолу агенттигине билдиргендей, эң көп жабыркаган аймактар Кунар провинциясында. Жер көчкүдөн улам жолдор жабылып, издөө-куткаруу иштери тик учактар менен жүргүзүлүүдө.
Жергиликтүү бийлик бул өлкөдөгү эң кыйратуучу жер титирөөлөрдүн бири болгонун билдирди.
Аймакта кеминде эки жер титирөө катталып, алардын биринин күчү 5,2 баллга жеткен.
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) күчү 6 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 27 чакырым түндүк-чыгышта, Пакистан менен чек арага жакын жерде, очогу болсо 8 чакырым тереңдикте болгонун билдирди.
