Эл аралык Сумуд флотилиясы Газаны көздөй багыт алды

0

Палестина менен тилектештикти көрсөтүү жана Израилдин блокадасын бузуу үчүн 44төн ашуун өлкөнүн колдоосу менен түзүлгөн эл аралык Глобалдык Сумуд жарандык жардам флотилиясы Испаниянын Барселона шаарынан Газага карай жөнөштү.

20 кайыктан турган жана 300дөн ашык адамды ташыган Глобалдык Сумуд флотилиясы Италия, Греция жана Тунистен Жер Ортолук деңизине багыт алды. Флотилияга активисттер, артисттер, саясатчылар, дарыгерлер жана журналисттер кошулду.

Кайыктарда ошондой эле эл аралык коомчулукка таанылган швед активисти Грета Тунберг, ирландиялык актёр Лиам Каннингем, испаниялык актёр Эдуардо Фернандес жана Барселонанын мурдагы мэри Ада Колау да бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз