Түркия Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

0

Түркиянын апаат жана чукул кырдаалдар башкармалыгы (AFAD) Ооганстандагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 25 тоннага жакын гуманитардык жардам жеткирди.

Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясында 31-августка караган түнү болгон 6 баллдык кыйраткыч жер титирөөдөн кийин өлкө бийлиги Түркиядан жардам сурап кайрылган.
Түркия бул чакырыкка жооп берди. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, AFAD жана Түрк Кызылайынын координациясында гуманитардык жүк даярдалды. Түрк аба күчтөрүнө таандык А400М учагы гуманитардык жардам менен Кайсеридеги Эркилет аба базасынан учуп, жүктү Жалал-Абад шаарына жеткирди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен 1141 адам каза болуп, 3000дей адам жаракат алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз