Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы электромобилдерди өлкөгө бажы төлөмүсүз ташып кирүү үчүн белгиленген чеги жакындап калганын кабарлайт.
Ведомстводон белгилешкендей, Евразия экономикалык комиссиянын Кеңешинин 2009-жылдын 27-ноябрындагы №130 чечиминин 7.1.38-пунктуна ылайык, электр кыймылдаткычтары бар моторлуу транспорт каражаттары (8703 80 000 2 ТН ВЭД ЕАЭБ коду менен классификацияланган) төмөнкү чектөөлөр менен бажы төлөмүсүз киргизилет:
- 2022-жылы — 5 миң автоунаа;
- 2023-жылы — 10 миң автоунаа;
- 2024-жылы — 10 миң автоунаа;
- 2025-жылы — 10 миң автоунаа.
2025-жылдын 4-сентябрына карата Кыргызстанга 8 558 электромобил киргизилген. Белгиленген лимитке жеткенден кийин электромобилдерди киргизүү үчүн бажы төлөмү алардын бажы баасынын 15 пайыз көлөмүндө төлөнө баштайт.
