АКШнын президенти Дональд Трамп Коргоо министрлигин «Согуш министрли» деп атаган буйрукка кол койду.
Овал кеңсесинде өткөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Трамп, Пентагондун кайра түзүлүшүнүн жаңы этабын жарыялады.
Ал белгилегендей, ал Коргоо министрлигин «Согуш министрли» деп кайра атаган буйрукка кол койгон жана зарыл болгон мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу менен Конгресске кайрылат.
«Биз Биринчи дүйнөлүк согушту жеңдик, Экинчи дүйнөлүк согушту жеңдик. Мурунку жана ортодогу бардык нерсени жеңдик. Андан кийин биз министрликтин атын Коргоо министрлиги деп өзгөрттүк. Эми кайра Согуш министрли деген атка кайтарып жатабыз», — деди Трамп.
Коргоо министри Пит Хегсетке кайрылып, АКШнын президенти аны «согуш министри» деп атай турганын белгиледи.
