Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты – улут азаттыгы үчүн кызмат өтөгөн улуу инсандын өмүр жолун жана өрнөктүү иштерин даңазалоо, коомго үлгү тутуу менен бирге кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, коомчулукту ыйман-ызаатка, нарк-насилге үндөө.
Тандоо туру — 2025-жылдын 11-сентябрында, саат 09:00до Алай райондук маданият үйү.
Финалдык айтыш — 2025-жылдын 12-сентябрында, Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда.
Байге фонду- 6 000 000 сом.
Байланыш: 0709 21 07 33.
