Воскресенье, 19 апреля

III Түрк Универсиадасы аяктады

0

Ысык-Көлдө III Түрк Универсиадасы аяктады.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, быйыл Түрк Универсиадасына Азербайжан, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандан 450дөн ашык делегация өкүлү чогулду. Алардын катарында студент спортчулар, машыктыруучулар, делегация башчылары жана дарыгерлер болду.

Түрк Универсиадасынын алкагында дзюдо, стол тенниси, шахмат, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, футзал жана волейбол боюнча мелдештер өттү.

Оюндар Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” спорт комлексинде, Чок-Тал, Тамчы, Өрнөк айылдарында уюштурулду.

III Түрк Универсиадасынын жабылыш аземинде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев сөз сүйлөп, бул ири спорттук иш-чара түрк дүйнөсүнүн жаштарын бир максатка, бир демге бириктиргенин белгилеп, спорттун күчү ынтымак менен достукту чыңдоодо экенине токтолду.

“Универсиададан ар бириңиздер өз өлкөңүздөргө жаңы тажрыйба, жакшы маанай жана унутулгус көз ирмемдер менен кайтасыздар деп ишенем”, – деди Самат Токтоналиев.

Иш-чаранын жүрүшүндө Спорт агенттигинин Ысык-Көл облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Адилет Бөлөков Азербайжан, Түркия, Өзбекстан, Казакстандын делегация жетекчилерине, мүчөлөрүнө ыраазычылык кат тапшырды.

Эске салсак, III Түрк Универсиадасы 3-сентябрда дзюдо боюнча мелдештер менен башталган, расмий ачылышы 4-сентябрда өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз