Суббота, 23 ноября

Күйүүчү майдын акысын сураган учкуч

0

Тунисте Ирак аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагынын учкучу, жүргүнчүлөрдөн күйүүчү майдын акысын төлөп берүүнү талап кылды.Себеби Ирак аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы, аэропорттон күйүүчү май толтуруп, бирок акысын төлөй албады.

Аэропорт жетекчилери учактын учушуна уруксат бербей, мындан улам учкуч аргасыз ишке барды.

Ал күйүүчү майдын акысын төлөө үчүн жүргүнчүлөрдөн өз ара 3 миң доллар чогултууну талап кылды.

Бирок жүргүнчүлөр акча чогултууга каршы чыгышты. Бул учурда Ирактын Тунистеги элчиси маселени жеринен чечип, акчасын төлөп берди.

Учак кечиккенине карабай учуп кетти.

Тунистин Багдаддагы элчиси учкуч акчаны убагында төлөбөгөндүктөн ,ушундай жагымсыз жагдай ортого чыкканын билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз