Суббота, 5 сентября

Грузияда митингге чыккандар менен полиция кагылышты

0

Тбилисидеги президенттик сарайга кирүүгө аракет кылган демонстранттар менен полициянын кагылышуусунан 21 укук коргоо кызматкери жана алты демонстрант жарадар болду.

Окуя түн ичинде борбор калаадагы уруксатсыз митинг учурунда болгон.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Тбилисидеги окуяларга байланыштуу билдирүүсүндө жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгын тааныбастан көчөгө чыккан демонстранттарды өкмөттү кулатууга аракет кылган деп айыптады.

Кобахидзе: “Президенттик сарайды басып алууга аракет кылган демонстранттар өкмөттү кулатууну көздөгөн, бирок алардын аракети ишке ашкан жок”, — деп билдирди.

Премьер-министр өкмөттү мыйзамсыз жолдор менен кулатууга аракет кылгандарга мамлекет тарабынан “катуу жооп” берилерин эскертти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз