Понедельник, 25 ноября

Чет элдегилер алыста туруп Түркиядан кыймылсыз мүлк сатып ала алат

0

Бул тууралуу Мехмет Зеки Адлы чет мамлекеттерде өкүлчүлүктөрдүн ачылуусуна байланыштуу маалыматта жарыялады. Жер каттоо жана кадастр иштеринин башкы директору Мехмет Зеки Адлы чет жактагыларТүркияга келбестен эле жер каттоо жана кадастр иштерин беш өлкөдө ачыла турган өкүлчүлүктөрдө жасата аларын баса белгиледи. Мындай шарт Түркиядан кыймылсыз мүлк алууну каалаган башка өлкөдөгү түрк жарандары жана чет өлкөлүктөр үчүн каралган.

Мехмет Зеки Адлынын айтымында, чет мамлекеттерде өкүлчүлүктөрдүн ачылуусуна байланыштуу Германиянын борбору Берлинде пилоттук иштер жасалганын, үч жылга жакын убакыттан бери бул шаарда кеңселери бар экендигин жана элчиликтин имаратында кызмат көрсөтүлүп жатканын айтты.

Башка өлкөлөрдөн дагы бул темада олуттуу талап келгенден кийин, президенттик указдын негизинде башка өлкөлөрдө да өкүлчүлүк ачуу иштери башталганын айткан Адлы, тышкы иштер министрлиги менен кайсыл өлкөлөрдө өкүлчүлүк ачыла тургандыгы туурасында макулдашуу иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Адлы: “Франция, Бельгия жана Араб өлкөлөрү баш болуп, беш өлкөдө өкүлчүлүк ачуу алдында турабыз. Учурда 5 өлкө аныкталды, калган өлкөлөр тууралуу сүйлөшүүлөр улантылууда. Өкүлчүлүктөр элчиликтин имаратында кызмат көрсөтө тургандыгы үчүн, тышкы иштер министрлиги менен биргеликте иш алып баруудабыз,”-деди.

Адлы, керектүү шарттар аткарылса келээрки жылдын башына чейин, өкүлчүлүктөрдүн ачылуусу пландалганын белгиледи.

Түркиянын кыймылсыз мүлк алып-сатуу иштери боюнча чет өлкөлүктөр тарабынан дагы суроо-талаптар бар экендигин айткан Адлы: “Мындан кийин кыймылсыз мүлк алууну каалагандар, Түркияга келбей туруп жашаган өлкөсүнөн эле алып-сатуу иштерин жүргүзө алат”,-деди.

Адлы, ишеним кат аркылуу жасалган сатууларда жаралуучу көйгөйлөрдү жана ишеним кат берүүдө ортого чыккан материалдык чыгымдардын жоюлганын белгиледи.  

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз