Понедельник, 25 ноября

АКШ президенти эки ѳлкѳгѳ иш сапар менен барат

0

АКШнын президенти Дональд Трамп 31-августтан 3-сентябрга чейин Польша жана Данияга сапар жасайт. Бул туурасында маалымат Ак үйдүн маалымат катчысы жарыялады.  

Маалыматка ылайык, Трамп менен жубайы Мелания Трамптын Польша жана Данияга иш сапары менен барат.

Билдирүүгө караганда Трамп 1-сентябрь күнү Польшанын баш калаасы Варшавада Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгынан улам согуш эстелигин зыярат кылат жана өткөрүлө турган аземге катышат.

Польшадан кийин 2-сентябрда Данияга бара турган Трамп бул жерде болсо Даниянын ханышасы Маргрете Экинчи менен жолугушат жана ар түрдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз