Акыркы жылдары Түштүк Кореялык сериалдар Азия чѳлкѳмүн багындырып келет. Кыргызстанда дагы бул тасмалар популярдуу. Ролу аркылуу элди шолоктоп ыйлатканы үчүн атактуулукка жеткен, аны менен бизнес кылган корей актёру Квон Саң У 43 жашка чыкты.
Бир кезде корей сериалын көрүп бүткүчө жүз ыйлап, жүз соорончубуз. «Көз жаштын мырзасы», «Трагедиялардын каарманы» атыккан актёр Квон Саң У бүгүн 43 жашка чыкты.
«Бейишке карай тепкич» сериалынан кадр.»Бейишке карай тепкич» сериалынан кадр.
Квон Саң У карьерасын 1990-жылдардын аягында модель катары баштаган. 2001-жылы тасмадагы тушоосу кесилип, бирок «Менин курбум — репетитор» (2003-жыл) аттуу киносунан кийин эл оозуна алынган. Карьерасындагы тепкичтерди улам аттап басып өтүп, «Бир жолу мектепте» тасмасы (2004-жыл), «Бейишке карай тепкич» (2003-жыл) сериалынан кийин атактуулукту бир эле Түштүк Кореяда эмес, бүткүл Азия континентин да багынтат.
«71: От ичинде» тасмасынан кадр.
Бирок карьерасындагы терс жакка карай өзгөрүүлөр бат эле келип, бир топ тартылган фильмдер да, сериалдар да ийгилик алып келбейт. Бул 2010-жылга чейин созулган. Адегенде «71: От ичинде» аттуу тасма, анын артынан эле «Президент айым» деген сериал актёрду гезит-журналдардын биринчи бетине алып келет.
2008-жылы Квон Саң У «Корея сулуусу» жана актриса Сон Тэ Йоңго үйлөнгөн. «Үйлөнүү тойдон кийин каттоодон өткөн күйөрмандарымдын саны 240 миңден 135 миңге түштү. Үйлөнгөнгө чейин жылына 7 жарнамалык роликке тартылсам, 2009-жылы алардын саны нөл болуп калды» деген жайы бар. Анткен менен эки атактуу учурда бир уул жана бир кызды тарбиялап келишет.
Атактуулук туруктуу болбой турганын түшүнгөн актёр өз атын колдонуп, бизнес кылууга өтөт. 2009-жылы ал «Natural Tears» косметикалык фирмасын негиздеп, аталышын «Mr. Tears» («Көз жаштын мырзасы») деген ага күйөрмандары койгон ысымдан алган. Мындай өзгөчө атка ал «Бейишке карай тепкич» сериалынан кийин ээ болуп чыга келген. Ошондой эле кыймылсыз мүлк боюнча да алып-сатарлык иш кылат. 2018-жылы 25 миллион доллар турган Сеул шаарында жайгашкан кезектеги имараттарынын бирин сатып алган. Соңку 6 жылда 3 имарат жана Австралиядан эс алууга деп пентхаус алган. Баары биригип, актёрдун карамагында 64 миллион доллардын тегерегин чапчыган кыймылсыз мүлкү бар.
«Бейишке карай тепкич» сериалынын күйөрмандары үчүн эки башкы каармандын кайрадан 11 жылдан кийин чогуу бир сериалга тартылуусу чоң белек болгон. Чой Жи У үчүн деле, Квон Саң У үчүн деле «Бейишке карай тепкич» карьерасындагы эң эсте калган долбоор жана күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан ролдор бойдон кала берери бышык.
Квон Саң У акыркы жылдары детективдин ролунда сериалдарга, тасмаларга тартылып жүрөт. Актёр спорттун ар кандай түрлөрү менен көп машыгат.