Понедельник, 25 ноября

Гонконгдогу жалпы иш таштоо 

0

5-августа Гонгонгдо жалпы иш таштоо болду. Жергиликтүү ММКалар жарым кылымда биринчи жолу болуп жатканын кабарлашат. Эртең мененки убакыт активисстердин метро поздерге бѳгѳт кою менен башталды. Шаарда жолдор жабык, аэропотртто 200ашык рейс токтотулду. Иш таштоого жарым миллион адам катышаары маалымдалды. 

Гонконг Кытайга кирген учурдан тартып, бир оор саясий кризиске дуушар болду. Эки айдан көбүрөөк убактан бери нааразылык, массалык баш-аламандык жана кыйратуу айланып келди. Алардын себеби кылмышка  шектүүлѳрдү Пекинге өткөрүп берүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору болду. Бул реформа ишке ашпай калганын жарыялагандан кийин да кѳтѳрүлүшчүлѳрдүн толкуну токтогон жок.

Азыр өкмөттүн алмашышы жана демонстранттарга каршы полиция зордук-зомбулук учурларын иликтөө чакырыктары күч алды.

Атайын администрадивдик аймактын башчысы Кэрри Лам Гонконгдо өтө кооптуу жагдай экенин дүйшөмбү күнү билдирди. Пекиндин жогорку бийлиги азырынча кийлигишкен жок. Бирок баш аламандыкка жол бербестигин жарыялайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз