Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фыраттын демилгеси, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Улуу Памир айылында маданий иш чара ѳткѳрүлѳт. Бул тууралуу элчиликтен маалымдады.
Иш чара үстүбүздөгү жылдын 12-24 – август күндөрү эки өлкө арасындагы маданий көпүрөнү чыңдоо максатында болот.
Ал “Ата Журттан туулган жерге карай: кыргыз туугандар Ванда жолугушат…” аттуу устакана иш-чарасы, аталган аймактагы таланттуу Кыргыз жаштарынын салттуу искусствосун аткаруусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат: “ Ван шаарынын Эрчиш районунда жашаган Түрк атуулдугун алган Кыргыз досторуна арналган долбоор жана устакана иштерине басым жасалат. Улуу Памир кыргыздарынын маданиятын дагы жакшылап өздөштүрүүлөрүү үчүн ушундай долбоорду ишке ашырып жатабыз. Ошондой эле, Кыргызстандагы жана Ван шаарындагы кыргыз туугандардын арасында ынтымакты жана байланышты камсыздоо жана эки өлкө арасында маданий көпүрөнү чыңдоо менен бирге Вандагы таланттуу Кыргыз жаштарынын өздөрүнүн салттуу искусствосун профессионалдык деңгээлде аткаруусуна көмөкчү болуу максатында ишке ашырылып жаткан иш-чара болуп саналат”, — деди.
Аталган долбоордун алкагында Вандагы кыргыздарга, Кыргызстандан кийиз, темир, тери буюмдарын иштетилишин, улуттук музыкалык аспаптардын жасалуу жана аталган аспаптарда ойноо өнөрүн өздөрүү максатында 5 адис жиберилет. Муну менен катар ТРТ Аваз каналы, маданий иш-чараны башындан аягына чейин даректүү тасма катары тартат жана ТРТнын башка каналдарына да жарыялоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Кошумчалай кетсек, Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылына 1980-жылдары көчүп барган 4 миңге жакын кыргыз жашайт.