Суббота, 28 марта

Бишкекте аба ырайы сууктап, кар жаайт

0

Бишкек шаарында 25-февралдан 3-мартка чейин аба ырайы сууктап, мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Анда белгиленгендей, 25-февралда түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн. 25-февралда күндүз жана 26-февралда түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. 26-февралда күндүз жаан жаашы күтүлөт. 27-февралда түнкүсүн жаан, кар, күндүз жаан жаашы күтүлөт. 28-февралда жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 2-3-мартта жаан, кар жаашы мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз