Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Орусия президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды.
Жолугушууда кыргыз-орус мамилелерин маданий-гуманитардык тармакта мындан ары да чыңдоо маселелери жана келечеги талкууланды.
Мамлекет башчысы бул тармак мамлекеттер аралык диалогду жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү кеңейтүү үчүн салттуу түрдө бекем негиз болуп келерин баса белгиледи.
Садыр Жапаров бул жагдайда 2025-жылы Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилеп, жакынкы арада Москвада ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү маданий алакаларды мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
