«Кыргыз Туусу» маалыматтык-басма үйүнүн эмгек жамаатына жаңы жетекчи Галина Байтерек расмий түрдө тааныштырылды.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, жаңы жетекчини жамаатка президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тааныштырды.
Тааныштыруу учурунда мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, тармакты модернизациялоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана бирдиктүү редакциялык саясатты жүргүзүү боюнча алдыда турган негизги милдеттер белгиленди.
Өз сөзүндө Галина Байтерек жамаат менен жылуу учурашып, медиа тармагындагы топтогон тажрыйбасын мамлекеттик басма сөз каражаттарын өнүктүрүүгө жумшай турганын белгиледи. Ошондой эле жалпы жамаатты биргелешип, заман талабына жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү жана сапаттуу маалыматтык продуктыларды даярдоого чакырды.
