Афганистан Индиянын колониясына айланды — Хаважа Асиф

0

Өткөн жекшембиде Пакистан Ооганстандагы террористтик лагерлерди бутага алып, абадан сокку урган. Бейшемби күнү Ооганстан Пакистандын эки аскердик базасын жана дээрлик 20 чек ара бекетин басып алган. Ал эми бүгүн болсо, Пакистан Афганистанга «ачык согуш» жарыялады.

Жума күнү, 27-февралга караган түнү Пакистан Кандагар жана борбор шаар Кабул сыяктуу Ооганстандын ири шаарларына абадан сокку урду. Пакистандын коргоо министри Хаважа Асиф өз өлкөсүнүн «чыдамы түгөнгөнүн» жарыялап, Ооганстанга «ачык согуш» жарыялады.

Пакистандын маалымат министри Аттаулла Тарар операция учурунда 133 талиб согушкери өлтүрүлүп, 200дөн ашык адам жаракат алганын билдирди.

Бул ооган күчтөрү жекшемби күнү Пакистандын аба соккуларына жооп катары бейшемби күнү кечинде Пакистандын чек ара аскерлерине кол салгандан кийин болду. Андан кийин Исламабад жекшемби күнкү операциянын бутасы Ооганстандын Хорасан провинциясындагы «Техрик-е-Талибан Пакистан» жана «Ислам мамлекети» террордук уюмдарынын лагерлери болгонун билдирди.

Бүгүн Пакистандын коргоо министри Хаважа Асиф X социалдык медиа платформасында Пакистан НАТОнун аскерлери чыгарылгандан кийин Ооганстанда тынчтык орношуна үмүттөнүп, талибдер ооган элинин жыргалчылыгына жана аймактык туруктуулукка көңүл бурат деп күткөнүн жазды. Анын ордуна, талибдер Ооганстанды «индиялык колонияга» айландырып, дүйнө жүзүндөгү согушкерлерди тартып, «терроризмди экспорттой» баштаганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз