Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы чыңалуунун күчөшү боюнча эл аралык консультацияларды өткөрдү.
Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Түркиянын тышкы иштер министри, кесиптештери: Пакистандан Мохаммед Исхак Дар, Ооганстандан Амир Хан Моттаки, Катардан Мохаммед бин Абдулрахман Аль Тани жана Сауд Арабиясынан Фейсал бин Фархан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды талкуулады.
22-февралда Пакистандын Маалымат министрлиги акыркы жардыруулардан кийин өлкөнүн куралдуу күчтөрү Ооганстан менен чек арадагы жети «террористтик лагерге» сокку урганын билдирди.
Муну менен катар Tolo News агенттиги, Пакистандын согуштук учактары Ооганстандын Пактика провинциясынын Бармал районуна абадан сокку урганын билдирди.
Ал эми Ооганстандын Коргоо министрлиги, Пакистанга «тиешелүү жана пропорционалдуу жооп» берилерин билдирди. Ооганстандын Кызыл Жарым Ай коому Пакистандын аба соккусунан 18 адам каза болуп, дагы көптөгөн адамдар жаракат алганын маалымдады.
Пакистандын ички иштер министри Талал Чаудхри болсо, ”Ооганстан менен чек ара аймагындагы соккулардын натыйжасында болжол менен 70 террорист жок кылынганын» билдирди.
