Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте Түркия Республикасынын Дин иштери башкармалыгы жана Түркия диний фонду Ыйык Рамазан айынын урматына кайрымдуулук иш чарасын өткөрдү.
Бул кайрымдуулук акциясына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров баш болгон Муфтияттын кызматкерлери жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышышты.
Абдулазиз кары Закиров бул кайрымдуулук акциясы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:
“Түркиянын Диянет фонду мурдагыдай эле быйыл да кайрымдуулук иш чараларды жана ифтар кечелерин уюштуруп, ошондой эле муктаж болгон адамдарга кайрымдуулук жасашууда. Ылайым Кудай Таалам баарыбыздын туткан орозобузду кабыл кылып, берген кайрымдуулук иштерин кабыл кылсын. Ошондой эле Түркиянын Дин иштер башкармалыгынын фондуна ийгиликтерди каалайбыз, Алла Таалам ыраазы болсун!”
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, элчиликтин диний кеңешчилигинин колдоосунда өткөн иш чарада жалпысынан жардамга муктаж 1500 үй-бүлөгө ун, суу май, чай, шекер, күрүч жана башка азык-түлүктөр берилди.

