Иранга каршы эң күчтүү сокку али алдыда жана ал азыркыдан да катуу болот. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШ Конгрессинин жыйынынан кийин маалымат каражаттарына билдирди.
«Америкалык аскерлердин эң күчтүү соккусу али алдыда. Кийинки этап Иран үчүн азыркыдан да кыйын болот», — деди америкалык дипломат.
Рубионун Израилдин Иранга карата пландары тууралуу комментарийлери “Израил АКШны Иран менен согушка түртүп жатабы?» деген талаш-тартышты жаратты.
