Ошто «Агроэкспо-2026» эл аралык жарманкеси башталды

0

Бүгүн Ош шаарында «Айыл чарбасындагы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан ресурс үнөмдөөчү технологиялары» аталышындагы «АГРОЭКСПО-2026» эл аралык жарманкеси башталды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жарманке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди, ишкерлерди жана тармактагы адистерди бир аянтчага чогултуп, агрардык сектордогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Көргөзмөнүн негизги максаты – айыл чарбасындагы инновацияларды, климатка ыңгайлашкан технологияларды жана заманбап өндүрүш чечимдерин жайылтуу, фермерлер менен камсыздоочулар ортосундагы кызматташууну бекемдөө, ошондой эле агрардык бизнести өнүктүрүү болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында төмөнкү багыттар боюнча көргөзмөлөр жана презентациялар сунушталууда:

  • айыл чарба техникалары жана жаңы агротехнологиялар;
  • сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр;
  • көчөт тандоо жана отургузуу боюнча мастер-класстар;
  • тамчылатып сугаруу системалары жана санарип суу платформалары;
  • жашыл энергия жана заманбап жылытуу системалары;
  • айыл чарбасын каржылоо мүмкүнчүлүктөрү.

Мындан тышкары, катышуучулар үчүн адистердин мастер-класстары, лотереялар, белектер, ошондой эле жандуу музыка жана шоу-программа уюштурулган. Жарманке эртең дагы уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз