Иран Орусиядан жардам сурадыбы? Кремль жооп берди

0

Орусия Ирандан курал-жарак сыяктуу жардам сурап эч кандай өтүнүч алган жок. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Орусия Иранга саясий колдоодон тышкары кандайдыр бир жардам, мисалы, курал-жарак жеткирүүнү пландап жатабы?” — деген суроого жооп берип жатып билдирди.

«Бул учурда Ирандан эч кандай өтүнүч болгон жок. Биздин туруктуу позициябыз баарына белгилүү. Бул жерде эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок», — деди Песков.

“Европага газ жеткирүүнү токтотуу чечими кабыл алынганбы?” — деген суроого Песков «жок» деп жооп берди.

«Кечээ президент бул чечим эмес, жөн гана сунуш, же өкмөткө бул маселени изилдөө боюнча тапшырма экенин өзгөчө баса белгиледи», — деди ал.

«Путиндин кечээки билдирүүсүн баары укту». «Америкалыктар кымбат товарларды сунуштап жатышат, биздин өзүбүздүн товарларыбыз бар, кызыкдар рыноктор бар, ошондуктан бул жердеги ар бир тарап өз кызыкчылыгы үчүн иш алып барууда», — деди Песков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз