Ошто ири көлөмдөгү курал-жарак жана ок-дарылар табылды

0

Ош облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылардын ири көлөмдөгү жашыруун жайы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, табылган курал-жарактар «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон.

Текшерүү учурунда төмөнкүдөй курал-жарактар жана ок-дарылар алынган:

  • 12 даана Калашников автоматы (АК);
  • 2 даана согуштук тапанча («Беретта» жана «Макаров»);
  • 2 даана мылтык;
  • 11 даана автоматтын магазини;
  • 700 даана 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар жана башка аскердик жабдыктар.

Ыкчам маалыматтар боюнча, бул куралдар өзгөчө оор кылмыштарды жасоо, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу жана учурдагы бийликти антиконституциялык жол менен алмаштыруу максатында топтолгон. Мындан тышкары, трансулуттук кылмыштуу топтор тарабынан сырттан колдоо көрсөтүү пландары болгону белгиленди.

Учурда алынган бардык курал-жарак жана ок-дарылар баллистикалык жана криминалистикалык экспертизага жөнөтүлдү. УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз