Вторник, 26 мая

Фермерлерге 3 пайыз менен 60 айга чейин насыя берилет

0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунда жана Бишкекте эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду баштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, долбоор малды семиртүүдөн тартып, кайра иштетүү жана сатууга чейинки толук чынжырды камтыйт. Фермерлерге жылдык 3 пайыз менен 60 айга чейин (12 ай жеңилдик мөөнөтү менен) жеңилдетилген насыя берилет.

Жалпы каржылоо — 1,5 млрд сом. Долбоор «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу ишке ашырылат.

Кененирээк маалымат алуу үчүн +996 708 320 820 телефон номерине кайрылыңыз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз