Норвегиядагы АКШ элчилигинде жардыруу болду

0

Норвегиянын борбору Осло шаарындагы АКШ элчилигинде жардыруу болду.

Норвегиянын маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча,  дипломатиялык миссиянын жанындагы жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 1:00 чамасында болгон. Каза болгондор же жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

Полициянын өкүлү Микаэль Деллемур NRK коомдук телерадиокомпаниясына жарылуу элчиликтин консулдук бөлүмүндө болгонун жана анча чоң эмес зыян келтирилгенин айтты.

Күбөлөр жарылуудан кийин имараттан түтүн чыгып жатканын да көрүшкөнүн билдиришти.

Полиция элчилик менен байланышта, бирок жарылуунун себеби азырынча белгисиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз