Вторник, 26 мая

Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү

0

Бүгүн таңкы саат 06:50дɵ Бишкек – Ош унаа жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда бардык унаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабык.

Учурда № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.

Кошумча маалымат берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз