“Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трампка Москва Американын аскердик объектилеринин жайгашкан жери боюнча Иран менен чалгындоо маалыматын бөлүшпөй турганын айтты”, — деп билдирди шейшемби күнү, 10-мартта АКШнын президентинин атайын өкүлү Стив Виткофф.
«Президент Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Путин Орусия Иран менен маалымат бөлүшпөй турганын айтты», — деди Виткофф CNBC телеканалына.
Ал Кремлдин жардамчысы Юрий Ушаков бул билдирүүнү ага жана Трамптын күйөө баласы Джаред Кушнерге телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда да кайталаганын кошумчалады.
Виткофф бул билдирүүнү көз карандысыз түрдө текшере албастыгын мойнуна алып, «бул суроону чалгындоо кызматкерлерине берген жакшыраак» — деп кошумчалады.
Дүйшөмбү күнү Путин Трамп менен Ирандагы жаңжал жана Украина менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү талкуулады.
Бул билдирүүлөр Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Орусия Иранга «ар кандай жолдор менен» аскердик жардам көрсөтүп жатканын ырастагандан кийин айтылды, бирок буга АКШнын күчтөрү боюнча чалгындоо маалыматы киреби же жокпу, тактаган жок.
