Эфиопиянын түштүгүндө катуу жааган жаандын кесепетинен каза болгондордун саны 107ге жетти. Бул тууралуу ТАСС билдирет.
Маалыматка ылайык, Гамо аймагында болгон кыйраткыч жер көчкү жана селдин кесепетинен каза тапкандардын саны улам өсүүдө. Куткаруучулар жана издөө топтору урандылардын арасынан адамдарды издөөнү улантууда.
Эфиопиянын түштүк аймактарында 9-мартта башталган нөшөрлөгөн жамгыр 11-марттын таңына чейин уланган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, катуу жаан аймактагы инфраструктурага да олуттуу зыян келтирген. Айрым жолдорду суу жууп кетип, унаа кыймылы токтоп калгандыктан, жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштери кыйындады.
Мындан бир нече күн мурда Кенияда да катуу жааган жаандын кесепетинен кеминде 50 адам каза бол
