Тоң районунун аймагында мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Рейддин алкагында, Тоң жана Кажы-Сай айылдарында бир нече үйдө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада:
- Кажы-Сай айылынын тургуну, 1980-жылы туулган О.И. үйүнөн 1 даана сайсыз 16 калибрындагы курал жана 5 даана ок алынды;
- Тоң айылынын тургуну, 1955-жылы туулган Ж.О. үйүнөн 1 даана сайлуу ок атуучу курал жана 23 даана ок алынды;
- ушул эле айылдын 1956 -жылы туулган Ж.Б. үйүнөн 1 даана сайсыз ок атуучу курал жана 23 даана ок алынды.
Жогоруда алынган куралдардын тиешелүү документтери болгон эмес, курал ээлерине протоколдор толтурулуп, тиешелүү чаралар көрүлдү.

