Бүгүн Жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетти. Тайвандын түндүк-чыгыш жээгинде 6,4 баллдык жер титирөө болду.
Кытайдын сейсмология борбору, Илань районунун жээгинде 6,4 баллдык жер титирөө катталганын билдирди.
Силкинүүнүн жердин 30 километр тереңдигинде болгондугу белгиленип, жабыркагандардын катталбагандыгы маалымдалды.
Тайвандын борбордук метеорология кызматы болсо жер титирөөнүн күчү 6 баллга жеткенин жана жердин 22,5 километр тереңдигинде болгонун кабарлады.
Жер титирөөнүн себебинен метро каттамдары убактылуу токтотулду. Ал эми унаалардын ылдамдыгы саатына 60 километрге чейин азайтылышы керек экени айтылды.