Суббота, 18 апреля

Пакистанда нөшөрлөгөн жамгырдан улам 45 адам каза болду

0

Пакистанда нөшөрлөгөн жамгырлардын кесепетинен улам, кеминде 45 адам каза болуп, 105 киши жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында 25-марттан тарта каттала баштаган. Селден улам көпчүлүк тургундардын турак жайлары ураган. Атап айтканда, жалпысынан 442 турак жай зыян тартып, алардын 60ы толугу менен кыйраган.

Ошондой эле адистер 6-апрелден 9-апрелге чейин кайрадан катуу жаан-чачын күтүлөрүн эскертишип, зарылдык болбосо кооптуу аймактарга барбоого чакырышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз