Кыргызстан менен Германиянын ортосунда кол коюлган документтердин негизинде виза маселеси жанданууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
2022-жылдан тарта эки өлкөнүн ортосунда төрт документке жана 24 меморандумга кол коюлган.
«Германиянын өкмөтү бизге виза ачуу маселесин бир аз жумшартууда. Буга саясий жолугушуулар жана кол коюлган документтер себеп болууда. «Intertek Germany» продукцияларды сертификациялайт. Ал дүйнөдөгү эң ири эки компаниянын бири. Алар Кыргызстанга келип иштөөнү пландап жатышат. Бирок компания коммерциялык негизде иштегендиктен, дыйкан жана фермерлерди субсидиялап берүүнү сунушташууда. Эгер өлкө 1 млн доллар төлөп берсе, кызматтарын акысыз көрсөтөт. Ал эми бизде продукцияларга эл аралык сертификация жетишпей жатат.
Ошондой эле былтыр Берлинде Германиянын соода-өнөр жай палатасынын бизнес-форуму өтүп, Кыргызстандан 100 компания барган. Быйыл дагы апрель айында бизнес-форум өтөт. Ага 35 компаниянын өкүлдөрү барышат», — деп белгиледи ал.
