Суббота, 18 апреля

Башпрокурор оор кылмыштарды Тергөө комитетине тапшырууну сунуштады

0

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиевден өлкөдө Тергөө комитетин түзүүгө карата позициясын сурады.

Башкы прокурор Максат Асаналиев өз кезегинде коомдук резонанс жараткан, оор, экономикалык жана кызматтык кылмыштарды Тергөө комитетине тапшыруу туура болот деген пикирин билдирди.

“Тергөө функциялары учурда ички иштер органдарында, коопсуздук органдарында, Бажы кызматында, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында жана прокуратуранын системасында Аскер прокуратурасында жүргүзүлөт. Бул боюнча ар кандай көз караштар болуп, коомдо талкуулар жүрүүдө. Бүгүнкү күндө бул боюнча кандайдыр бир конктреттүү мыйзам долбоорун көрө элекмин. Ошондуктан, коомдук резонанс жараткан, оор, экономикалык жана кызматтык кылмыштарды Тергөө комитетине тапшыруу туура болот”,- деди башкы прокурор.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз